Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:06

Быйыл Орусиядан Кыргызстанга 30 мугалим келип иштейт


Кыргызстандын Нарын облусундагы мектеп. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын Нарын облусундагы мектеп. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Агартуу министрлиги жана Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган «Билим берүүдө тажрыйба алмашуу» гуманитардык долбоорунун алкагында Орусиядан быйыл 30 мугалим келип иштейт. Бул тууралуу Орусиянын агартуу министринин орун басары Дмитрий Глушко 22-сентябрда Бишкекте журналисттерге билдирди. Анын айтымында мугалимдер орус тили жана адабияты, математика жана башка предметтер боюнча Кыргызстандын мектептеринде сабак берип иштешет.

Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы гуманитардык долбоордун алкагында өткөн жылы 17 мугалим келип иштеген.

Бүгүн, 22-сентябрда Бишкекте кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны өтүп жатат. Анда эки өлкөнүн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтыгы боюнча маселелер каралып, соңунда бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Орусиялык делегацияны вице-премьер-министр Алексей Оверчук жетектеп келген. Орус өкмөт башчысынын орун басарын Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG