Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

Журналист Кудрет Тайчабаров Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгонун айтты (видео)


Кудрет Тайчабаров.
Кудрет Тайчабаров.

Журналист Кудрет Тайчабаров Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгонун айтты. Бул тууралуу ал 22-сентябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасынын түз эфиринде билдирди.

Тайчабаров өлкөдөгү мыйзам бузуу, криминалдык чөйрөнүн жарандардын укугун бузган аракеттери тууралуу жазган маалыматтарынан улам опузага кабылганын белгиледи. Ал парламенттик шайлоого аттанган айрым партияларда кримчөйрөнүн таасири бар экенин кошумчалады.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев түптөгөн үч уюшкан кылмыштуу топ жана 1076 түрдүү кылмыштуу топ расмий катталган. (SE)

XS
SM
MD
LG