Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Милиция органдары Мамлекеттик тил күнүн белгилеп жатышат


ИИМ имараты.

Бүгүнкү Мамлекеттик тил күнүнө карата милиция органдарында кыргыз тилинин тарыхы жана өнүгүшү, бул күндүн мааниси тууралуу иш-чаралар өтүп жатат. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, жыл сайын 21-февраль – Эне тилин коргоонун эл аралык күнүнө жана 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата ички иштер органдарынын түзүмдүк бөлүктөрүндө илимий-практикалык жана салтанаттуу иш-чараларды жетекчиликтин катышуусу менен өткөрүп туруу салтка айланып калган.

ИИМде мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча атайын бөлүмчө 2009-жылдан тартып иштеп келет.

ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сеитов жана Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев ИИМ кызматкерлери менен.
ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сеитов жана Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев ИИМ кызматкерлери менен.

Министрликтин бүгүнкү күнгө карата куттуктоосунда “Кыргыз тили байыркы да, эң бай да тил катары дүйнөдөгү алдыңкы тилдердин жогорку сабында экенин сыймыктануу менен айтып келебиз. Бул тарыхый чындык. Биздин ата-бабалар кыргыз тилин өнүктүрүп, өстүрүп, дүйнөдө теңдеши жок «Манас» эпосун жараткан деңгээлге жеткирип, бизге мурас кылган. Биздин милдет – кыргыз тилин илимде да, техникада да, философияда да, саясатта да татыктуу колдонулган заманбап тилдердин катарына кошуп, аздектеп өнүктүрүп, келечек муунга жеткирүү” деп белгиленди.

1989-жылдын 23-сентябрында Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган. Кыргыз тили мамлекеттик, ал эми орус тили расмий деген макамга ээ.

Тил күнүнө карата иш-чаралар башка мекемелерде да уюштурулуп жатат.(RK)

XS
SM
MD
LG