Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:47

Тихановская: Мен Беларус эли шайлаган жападан-жалгыз лидермин, Лукашенко бүгүн пенсияга кетти


Светлана Тихановская.
Светлана Тихановская.

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская президент Александр Лукашенконун ант беришин айыптап, аны «легитимсиз лидер» деп атады. Социалдык тармакта чыккан видеодо 9-августтагы шайлоодо президентке негизги атаандаш болуп чыккан Тихановская өзүн беларус эли шайлаган жападан-жалгыз лидер деп атап, Лукашенко «бүгүн пенсияга кеткенин» айтты.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) парламенттик ассамблеясында сүйлөгөн Тихановская Лукашенконун тымызын инаугурациясын «бийликти басып алуу аракети» деп баалады. «Бул ошондой эле Лукашенко бүгүндөн тартып мыйзамсыз жана легитимсиз лидер дегенди билдирет», - деди ал.

Тихановская шайлоодон кийин чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

23-сентябрда Минскиде президент Лукашенконун кезектеги беш жылдык кызматтык мөөнөткө киришүү аземи өттү. Инаугурация жашыруун даярдалып, анын датасы тууралуу алдын-ала айтылган эмес.

66 жаштагы Лукашенко өлкөдө 9-августтагы шайлоодон кийин нааразылык акциялары тынчыбай жаткан шартта ант берди. Ал Беларусту 26 жылдан бери башкарып келатат.

Митингдер менен жүрүштөргө чыккандар 9-августтагы добуш берүү бурмаланганын айтып, Лукашенкону бийликтен кетүүгө, эркин жана калыс шайлоо өткөрүүгө чакырып келатышат. Президент ал акцияларга күч менен жооп берген. Көптөгөн демонстрант кармалып, таяк жеп, айрымдары кыйноого туш болду.

XS
SM
MD
LG