Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

3,5 миллиондон ашуун шайлоочунун тизмеси такталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоодо добуш берүүгө укуктуу 3 523 532 кишинин тизмесин тактады. Бул тууралуу 24-сентябрда Бишкектеги басма сөз жыйынында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

2015-жылдагы парламенттик шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн саны 2 761 297 киши болгон. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо 3 025 770 шайлоочу катталган.

Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия катышат.

Шайлоо өткөрүш үчүн 2474 шайлоо тилкеси даярдалары айтылган. Анын 45и чет мамлекеттердеги мекендештер үчүн башка өлкөлөрдө болот. (SE)

XS
SM
MD
LG