Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:04

Жаныбек Жоробаев төрт айлык депутаттыктан соң мандатты тапшырды


Жаныбек Жоробаев.
Жаныбек Жоробаев.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Жаныбек Жоробаевдин ыйгарым укуктарын токтотту. БШКнын маалыматына караганда, депутаттын мандаты өзүнүн арызына ылайык алынды. Чоо-жайы маалым эмес.

Жаныбек Жоробаев мандатты 2020-жылдын 13-майында алып, 14-майда алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты катары ант берген.

Аны менен кошо аталган фракцияга Шаршенбек Абдыкеримов да депутат болуп келген. Экөө мурдараак өз арыздары менен депутаттыктан кеткен Алмазбек Эргешов менен Жаныбек Исаевдин ордун толукташкан.

120 мандаттуу парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда болот.

XS
SM
MD
LG