Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

Ким Чен Ын Түштүк Кореядан кечирим сурады


Ким Чен Ын.
Ким Чен Ын.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 25-сентябрда Түштүк Кореянын аткаминерин өлтүрүп алышканы үчүн кечирим сурады. Түштүк кореялык маалымат каражаттары бул кадамды абдан сейрек көрүнүш катары баалап жатышат.

«Төрага Ким Чен Ын күтүүсүз жана кайгылуу окуядан улам президент Мун Чжэ Инди жана Түштүк Кореянын калкынын көңүлүн иренжитип алганына абдан өкүнөт»​ деген Түндүк Корея тараптын билдирүүсүн Мун Чжэ Индин кеңешчиси Сух Хун окуду.

Бейшембиде Сеул түндүгүндөгү коңшусун түштүк кореялык аткаминерди атып өлтүрүп, денесин өрттөп жибергени үчүн айыптаган.

Өлтүрүлгөн адам Түштүк Кореянын Океандар жана балыкчылык министрлигинин 47 жаштагы кызматкери экени расмий кабарланган. Ал текшерүү жүргүзгөнү Түндүк жана Түштүк Кореянын суудагы чек арасына барганда дайынсыз жоголуп, кийинчерээк сөөгү табылган.

XS
SM
MD
LG