Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:26

Пандемияда кыргызстандык 83 медицина кызматкери каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирус пандемиясынан бери Кыргызстанда 83 медицина кызматкери каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова 25-сентябрда «Азаттыкка» билдирди:

«Электрондук саламаттык сактоо борборунун соңку маалыматына ылайык, 83 медицина кызматкери көз жумду. Арасында мамлекеттик жана жеке бейтапканаларда иштеген дарыгерлер, орто жана кичи кызматкерлер да бар».

АКШдагы Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, 25-сентябрга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45 932 кишиге жетти. Алардын 42 147и айыгып, 1063ү жашоо менен кош айтышты.

Бейтаптардын 3227и медицина кызматкерлери. Алардын 2918и айыкты.

Расмий кабарга ылайык, ооруган медкызматкерлердин 144үнө 200 миң сомдон компенсация берилген, каза болгондорун арасынан 21 кишинин үй-бүлөсүнө миллион сомдон төлөндү. Башкалардын тийиштүү документтерин комиссия карап жатат. Мурда кенемте үчүн 50 миллион сом бөлүнгөн. Министрлик буга кошумча дагы 100 миллион сом бөлүп берүүнү өкмөттөн суранды.

«Эл аралык мунапыс» уюму («Amnesty International») пандемия маалында Кыргызстандагы медицина кызматкерлеринин укуктары одоно бузулганы тууралуу 25-сентябрда баяндама жарыялады. (SE)

XS
SM
MD
LG