Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 10:35

AI: Пандемияда кыргызстандык дарыгелердин укуктары көп бузулду


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкекте ачылган убактылуу стационарлардын биринде дарыгерлер менен жолуккан учуру. 8-июль, 2020-жыл.

«Эл аралык мунапыс» уюму («Amnesty International») пандемия маалында Кыргызстандагы медицина кызматкерлеринин укуктары бузулганы тууралуу баяндамасын жарыялады.

25-сентябрда жарык көргөн баяндамада уюм дарыгерлер менен медайымдар адаттагыдан көп, «абактагыдай» карантин режиминде иштөөгө мажбур болгонун, көп учурда кошумча акы төлөнбөй, азыраак акча алышканын белгилейт.

АКШдагы Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 25-сентябрда COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45 932 ​кишиге жетти. Алардын 42 147и айыгып, 1063ү жашоо менен кош айтышты.

Бейтаптардын 3227и медицина кызматкерлери. Алардын 2918и сакайды. 80ден ашууну көз жумду.

“Кыргызстандагы догдурлар жан үрөп, өмүрлөрүн тобокелге салып иштешти. Бир топ мезгил аралыгында эң керектүү медициналык каражаттар менен камсыз болушкан эмес”,- деди уюмдун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Хизер МакГилл.

МакГилл медкызматкерлердин укуктары бузулганын, алардын оозун жабуу аракеттери болгонун, маселелер тууралуу үн катпоого аргасыз болушканын баса белгиледи.

Баяндаманын авторлору май айынан бери дарыгерлер катары менен эки жума бою 12 сааттан иштеп, карантинге алынып турганын жазышат. Медиктердин бири карантиндеги шарттарды «түрмө» менен салыштырып, бир бөлмөдө ондон киши жайгаштырылганын, жакындары менен көрүшө албаганын айтып берген.

Медиктердин маяналары төмөн болгондуктан, алардын көбү башка өлкөлөргө кетип же менчик клиникаларга которулуп жатканы да белгиленет.

Укук коргоочулар менен маектешүүдөн көп учурда баш тартып же болбосо аты-жөнүн атабоону сурангандар да көп.

МакГилл саламаттык сактоо системасын жакшыртуу, пандемияга туруштук берүү, медицина кызматкерлеринин укуктарын коргоо үчүн кыргыз өкмөтү кандай кадамдарды жасоого тийиш экенин белгиледи. Ошондой эле жарандарды өз көз карашын эркин билдирүүгө шарт түзүүгө, көйгөйлөрдү айтып чыккандарды коргош үчүн чара көрүүгө чакырды.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова медициналык каражаттар башында тартыш болгону чын экенин, дүйнөнүн дээрлик бардык мамлекеттеринде ушундай маселе жаралганын айтты. Бирок төлөмдөргө байланыштуу айтылган сын чындыкка төп келбей турганын билдирди.

Расмий кабарга ылайык, ооруган медкызматкерлердин 144үнө 200 миң сомдон берилген, каза болгондорун арасынан 21 кишинин үй-бүлөсүнө миллион сомдон төлөндү. Башкалардын тийиштүү документтерин комиссия карап жатат.

«Мурда төлөмдөр үчүн 50 миллион сом бөлүнгөн. Министрлик буга кошумча дагы 100 миллион сом өкмөттөн сурады», - деди Айгерчинова. (SE\AA)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG