Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 14:54

Тажикстандын бийлиги өлкөдө COVID-19 менен ооругандар көбөйгөнүн мойнуна алды


Архивдик сүрөт. Иллюстрация.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө COVID-19 вирусун жуктургандардын саны арбыганын ырастады.

25-сентябрда министрликтин басма сөз катчысы Эмомали Мирзоев ооругандардын саны «аз-маз» өскөнүн айтып, мурда күнүнө 32 адам катталып жатса, азыр күнүнө 42 адам илдетке кабылып жатканын билдирди.

Расмий статистикага ылайык, коронавируска кабылгандар акыркы аптада Тажикстанда 10% өскөн.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин кабарлашынча, апрелдин аягынан тарта 25-сентябрга чейин 9562 адам коронавируска кабылып, анын 8300ү айыгып чыккан. 74 киши каза болду.

Бир топ эксперттер расмий статистика өлкөдөгү оору жуктургандардын реалдуу масштабын жана өлүмдүн санын көрсөтпөй деп эсептешет. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG