Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:02

Трамп Эми Кони Барретти АКШнын Жогорку сотунун мүчөлүгүнө көрсөттү


Эми Кони Барретт.
Эми Кони Барретт.

АКШ президенти Дональд Трамп Жогорку соттун судьялык кызматына талапкер катары 48 жаштагы, консервативдик көз карашты карманган судья Эми Кони Барретти сунуштаганын жарыялады. Талапкерди көрсөтүү аземи Ак үйдүн короосунда Барреттин өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн катышуусунда өттү.

Мунун алдында Барретт Трамптын саясатын колдогон консерваторлор үчүн ыктымал талапкерлердин катарында аталып жаткан.

Эми Кони Барретт АКШ сенатынын судьялыкка тандоо жана добуш берүү боюнча процедураларынан жана Жогорку соттун судьялары менен аңгемелешүүдөн ийгиликтүү өтсө бош орунга бекийт. Бул орунда иштеген Жогорку соттун судьясы, 87 жаштагы Рут Бейдер Гинзбург оорудан улам 18-сентябрда каза болгон.

Байкоочулар президент Трамп судья Барретт менен бир нече күн бою баарлашканын белгилешти.

Демократтар, анын ичинде президенттикке талапкер Жо Байден мурдараак Трамптын талапкерди сунуштоосуна каршы чыгып, Жогорку соттун судьялыгына талапкерди 3-ноябрда өтчү шайлоону жеңген президент көрсөтүшү керектигин айткан эле. Республикачылар Сенатта көпчүлүк орунга ээ.

Судья Баррет Ак үйдөгү аземде сүйлөп жатып, Жогорку сотто мурда иштеп кеткен судьяларга сый-урматын көрсөтүп, "АКШ элине, АКШнын Конституциясына чын жүрөктөн кызмат кыларын" билдирди.

Эми Кони Барретт 1972-жылы Жаңы Орлеанда төрөлгөн, 1990-жылы жергиликтүү мектепти аяктап, төрт жылдан кийин коллежди аяктап, искусство боюнча бакалавр даражасына ээ болгон. Андан кийин Нотр-Дам университетинин Укук мектебинде окуп, университеттеги адистештирилген юридикалык журналды жетектеген. Соңку жылдары АКШнын Колумбия округу боюнча апелляциялык сотунда судьянын жардамчысы болуп иштеген. 2002-жылдан тартып Нотр-Дам университетинин Укук мектебинде окутуучу катары эмгектенген, 2010-жылдан тартып укуктун профессору. Анын күйөөсү Жесси М. Барретт АКШнын Индиана штатынын Түндүк округунун прокурорунун жардамчысы.

Кошмо Штаттарда Жогорку соттун судьясы бул кызматка көзү өткөнчө шайланат жана адатта бойдон алдыруу, миграция, курал алып жүрүү укугу өңдүү бир катар орчундуу маселелер боюнча чечим чыгарат. (ErN)

XS
SM
MD
LG