Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Бишкекте «Кул болбо!» аттуу акция өттү

Бишкекте «Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун эгемендикке байланыштуу сөздөрүнө каршы «Кул болбо!» аталышындагы акция өттү. Акциянын катышуучулары «Эл, эрк, эркиндик!», «Маңкурт болбо!», «Саткындар кетсин!» деген ураандарды кыйкырып турушту.

12:31 27.9.2020

26-сентябрда Интернетте Марат Аманкуловдун сөзү жазылган кыска видео тараган. Анда ал «Евразиялык Экономикалык Биримдик түзүлгөнү менен калктардын ортосунда байланыш жетишсиз болуп жатканын, ал азырынча элдик уюм эмес экенин» билдирген. Аманкулов андан ары өзү төрагалык кылган «Биримдик» партиясы тууралуу айтып, анын башкы идеясы «Евразиячылык» экенин, алар ошого умтуларын кошумчалайт.

«Биздин 30 жылдык көз карандысыздыгыбыз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү. Евразиянын жалпы аймагында бириккен гана мамлекет Евразияда эгемен мамлекет боло алат. Биз, кыргыздар өзүбүздү субъект катары жоготуп албаш үчүн чогуу интеграцияланышыбыз керек», - деген анда Марат Аманкулов.

Бул күнү түштөн кийин Аманкулов билдирүү таратып, видеону чагым деп атаган. Ал видео 2019-жылы Кыргызстан менен Орусиянын Эриш-аркак жылын өткөрүүнүн алдындагы Москвадагы маданий иш-чарада тартылганын айтып, андагы сөздөрү контексттен суурулуп алынганын билдирген.

Бирок Жогорку Кеңештин расмий сайтында бул жолугушуу былтыр жыл аягында эмес, быйыл февраль айында өткөнү тууралуу маалымат турат.

12:31 27.9.2020

12:34 27.9.2020

Акция пандемияда каза болгондорду унчукпай туруп эскерүүдөн башталды. Андан кийин акция Гимн менен уланды.

12:47 27.9.2020

Улан Үсөйүн: «Эгемендигибиз үчүн күрөшүүгө даярбыз! Саткын саясатчыларга жол бербейбиз!».

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG