Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:14

Мектептерде 2-6-класска чейин окутуу боюнча маселе талкууланып жатат


Пандемиядан улам быйыл Кыргызстанда биринчи класстар гана мектепте окуп жатышат. 1-сентябрь, 2020-жыл.
Пандемиядан улам быйыл Кыргызстанда биринчи класстар гана мектепте окуп жатышат. 1-сентябрь, 2020-жыл.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 28-сентябрдагы брифингде Кыргызстандагы окуу жана бала бакчалар боюнча Билим берүү жана илим министрлиги менен алгоритмдер түзүлгөнүн билдирди.

Анын айтымында, менчик бала бакчаларда балдар аз, бардык талаптарды аткарганга мүмкүнчүлүк бар жана алардын иштешине уруксат берилген. Бирок мамлекеттик бала бакчаларда балдар көп болгондуктан, аларды ачуу тууралуу маселе каралууда.

2-6-класска чейин балдарды мектептерде окутуу боюнча маселе да талкууланып жатат. Эгерде беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо жана башка санитардык эрежелер сакталса, 2-6-класстардын мектептерге барып окушуна уруксат берилиши ыктымал. Андан башка класстардын жана жогорку окуу жайларынын, орто билим берүү мекемелеринин студенттери азырынча онлайн окууну улантышат. Алардын окуусу кийинки этаптарда каралат.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл окуу жылы аралыктан аяктаган. Бала бакчалардын иши 23-марттан тартып токтотулган, ал эми мектептерде окуу жылы аралыктан жыйынтыкталган. Жаңы окуу жылында биринчи класстын балдары гана мектепке барып окуп жатышат, калгандары аралыктан билим алууну улантууда.

Сентябрдын башында менчик бала бакчаларга гана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун макулдугу менен иштөөгө уруксат берилген. (NT)

XS
SM
MD
LG