Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:44

Шайлоодон четтетилген Илхом Маннанов БШКнын чечимин сотко берет


Аравандагы үгүт учурунда чыккан калайман мушташ. 20-сентябрь, 2020-жыл.
Аравандагы үгүт учурунда чыккан калайман мушташ. 20-сентябрь, 2020-жыл.

Жогорку Кенештин депутаты Илхом Маннанов өзүн «Мекеним Кыргызстан» партиясынын шайлоо тизмесинен чыгаруу тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечими менен макул эмес. Депутаттын өкүлүнүн маалыматына караганда Маннанов 29-сентябрда брифинг өткөрүп, БШКнын чечимин сотко бергени жатат.

БШК 24-сентябрда Араванда үгүт маалындагы мушташка байланыштуу талапкерлер Шүкүрулло Файзуллаев менен Илхом Маннановду шайлоодон четтеткен. Файзуллаев «Биримдик», Маннанов «Мекеним Кыргызстан» партияларынан талапкер болуп катталган.

20-сентябрда Араван районунун Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери Илхом Маннанов үгүт жүргүзүп жатканда чоң чатак чыгып, 12 киши ар кандай жараат алган. Ага катышкандар «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын тарапкерлери экени айтылган.

Эки партия тең муну чагым катары сыпаттаган билдирүү таратышкан.

Милиция жаңжал боюнча алты кишини кармап, сотко чейинки териштирүү баштаган. Жаңжалдын чоо-жайы иликтенип жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG