Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

COVID-19: ооруканаларда жаткан 119 бейтаптын абалы оор


Бишкектеги дарт аныктаган лабораториялардын бири. Сентябрь, 2020-жыл.
Бишкектеги дарт аныктаган лабораториялардын бири. Сентябрь, 2020-жыл.

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алып ооруканада жаткан 700 бейтаптын 119унун абалы оор. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 28-сентябрдагы маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, вирус жугузуп алгандардын ичинен 13 киши өтө оор абалда реанимацияда жатат. Тогуз бейтаптын абалы канааттандырарлык. 559 адамдын абалы орто деп бааланууда.

Үсөнбаев Кыргызстанда коронавируска байланышкан эпидемиологиялык кырдаал кооптуу экенин кошумчалады.

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 илдетинен бир киши каза болуп, пандемия башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1064кө жетти. Өлкөдө соңку үч жума аралыгында коронавирустан каза болгон киши каттала элек болчу.

Вирусту 46 355 киши жугузуп алды. Учурда 700 бейтап стационарда, 1 520 киши үй шартында дарыланууда. COVID-19 жугузган 42 619 киши айыкты. (NT)

XS
SM
MD
LG