Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:00

COVID-19: шайлоодо добуш берүүнүн алгоритми жарыяланды


Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) имараты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) имараты.

Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербеш үчүн 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоо күнү добуш берүүнүн алгоритми иштелип чыкты.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) алгоритм Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге иштелип чыкканын 28-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, анда шайлоого байланыштуу бир катар талаптар камтылган.

Ага ылайык, шайлоо күнү добушканаларда жараянга катышкандардын баары дезинфекциялоо каражаттарын, бет кап, мээлей колдонуп, 1,5-2 метр аралыкты сакташы керек. Башкалар менен кол кармашып учурашууга болбойт. Бул талаптар биометрикалык жана жеке маалыматтар боюнча шайлоочулардын идентификациялоодон ѳткѳн учурларынан башка бардык жараяндарда сакталууга тийиш.

Кыргызстанда 120 орундуу парламентке кезектеги шайлоо 4-октябрда болот. 16 партия катыша турган шайлоонун алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталган жана добуш берүүгө бир күн калганда токтошу керек.

Акыркы күндөрдөгү расмий статистика өлкөдө коронавирус жугузуп алгандар кайра көбөйө баштаганын көрсөтүп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG