Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

Ибраева: Кыргызстанда коронавирус 1 200дөн ашык баладан табылды


Кыргызстанда сентябрь айына карата статистика боюнча 14 жашка чейинки 1254 баладан коронавирус табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам жана дары-дармек саясаты боюнча башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева 28-сентябрдагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, вирус аныкталган балдардын 123ү бир жашка чейинкилер. «Бир жаштан алты жашка чейинки балдар 434тү, 6-14 жаштагылар 697ни түздү. Былтыр пневмонияга 1568 бала чалдыккан болсо, быйыл бул көрсөткүч аз», - деди ал.

Ибраева мультисистемалык оору же Кавасаки синдромуна кабылган балдарды аныкташ үчүн протокол иштелип чыгып, рецензиялоо баскычында экенин кошумчалады. Кавасакиге байланыштуу статистика боюнча жумушчу топ иштеп жатат.

Кыргызстан боюнча балдарды дарылаш үчүн беш балдар стационары даярдалды. Аймактык ооруканалардын балдар бөлүмдөрүндө да орундар даярдалганы кабарланды.

Сентябрдын башында Саламаттык сактоо министрлигинин Кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча мамлекеттик медициналык институтунун педиатрия кафедрасынын башчысы Венера Шүкүрова COVID-19 илдети менен байланышкан мультисистемалык оору же Кавасаки синдрому балдар арасында кездешип жатканын билдирген.

Кийинчерээк министрлик Кыргызстанда балдар арасында Кавасаки синдрому катталбаганын билдирип, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырган.

Расмий маалыматка караганда, пандемия башталган март айынан бери өлкөдө коронавирустан 1 064 киши каза тапты. Вирусту 46 355 киши жугузуп алды. Учурда 700 бейтап стационарда, 1 520 киши үй шартында дарыланууда. COVID-19 жугузган 42 619 киши айыкты. (NT)

XS
SM
MD
LG