Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:47

Украин парламентинде самогон ачыткандарды айыпка жыкпоо тууралуу сунуш айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украин парламенти Жогорку Рададагы «Эл кызматчысы» фракциясынын айрым депутаттары Административдик укук бузуу тууралуу кодекске алымча-кошумча киргизүү боюнча мыйзам долбоорун даярдашты. Анда өлкөдө самогон салгандарды, бул ичимдикти сактагандарды айыпка жыгууну камтыган ченемдерди алып таштоо сунушталган.

Депутаттар ошондой эле мындай ичимдик даярдаган адамдарга кайсы бир талаптарды коюу, салык салуу жана талапты бузганы үчүн жоопкерчилигин кароо үчүн дагы башка мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү караштырып жатат.

Азыркы мыйзамдарга ылайык, самогон салгандарга, ага керектүү аппараттарды даярдагандарга 51ден 170 гривен (1,8-6 АКШ доллары) өлчөмүндө айып салынат. 2018-жылы сотто 200гө жакын ушундай иш каралган жана 80 адам айыпка жыгылган.

Мыйзам долбоорунун авторлору өзү ичиш үчүн өз мээнети менен ичимдик даярдаган жарандар жоопко тартылбашы керек экенин, анткени бул алардын табигый укугу болорун, мамлекет аны чектегени негизсиз экенин белгилешкен. Депутаттар ошондой эле мөмө-чөмөдөн, балдан ачытып арак-шарап жасагандарга мындай жаза жок экенин мисал келтиришкен.

XS
SM
MD
LG