Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Оштогу арактын айынан чыккан талаш


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Комендант Малик Нурдинов 13-апрелде Ош шаарында, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салган буйрук чыгарган. Көп өтпөй ал буйрукту кайра чакыртып алды.

Комендатурадан аракты тыюу салган чечимге ишкерлер каршы чыкканын билдиришти.

Буга чейин Ош шаарынын, Карасуу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдиновдун буйругу менен спирт ичимдиктерин өзгөчө абал кирген аймактарда сатууга тыюу салынган. Анын себебин Нурдинов 15-апрелде маалымат берип жатып мындайча түшүндүргөн:

«Биз талдоо жүргүзгөндө спирт ичимдигин ичип алып, коменданттык саатты бузган, ички иштер органдарынын кызматкерлерине баш ийбеген, мас абалында машине айдап, керек болсо жол кырсыктарына себепкер болуп, алар адам өлүмүнө алып келген учурлар болду».

Жеңиш Аширбаев.
Жеңиш Аширбаев.

Бирок бир күндөн кийин эле комендант буйрукту кайрадан чакыртып алды.

Комендатуранын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев «Азаттыкка» бул буйрук кээ бир мыйзамдарга шайкеш келбей калганын ишкерлер айтып чыгышкан соң арак сатууга уруксат берилгенин айтты. Аширбаев буйрук кайсы мыйзамдарга каршы келерин, кайсы ишкерлер кайрылганын айткан жок:

«Тилекке каршы, кээ бир ишкерлер биздин буйругубузга каршы чыгып, жогорку инстанцияларга арызданышты. Жер-жерлерде айылдык кеңештердин депутаттары да карашы керек экен. Ошого байланыштуу териштирилип бүткөнгө чейин буйрук убактылуу күчүн жоготту деп чечим чыгарганга мажбур болдук».

Жеңиш Аширбаев коменданттык саат учурунда сыртта жүргөндөрдүн 30 пайызы ичимдик ичип алгандар экенин жана аларга Ош облусунун ар кайсы аймактарынан ушул күнгө чейин 200гө чукул кишиден ичкиликти тыюу боюнча кайрылуулар келгенин кошумчалады.

Айрым адистер коменданттын кыймыл-аракетин ишкерликти чектөө катары кабылдап жатышат. Ишкерликти өнүктүрүү боюнча адис Мыктыбек Осмоналиев комендатура ар бир кадамын мыйзам чегинде жасашы керек деген ойдо.

Мыктыбек Осмоналиев.
Мыктыбек Осмоналиев.

«Менин оюмча бул жерде алкоголдук өндүрүм деле моралдык жагын эске албаганда кадимкидей эле өндүрүм да. Аны деле кишилер өндүрүп жатат. Дүңүнөн ташыган дистрибьютордук компаниялардан, заводдордон комендатурага арыз келип түшүшү мүмкүн деп болжоп жатам», - деди ал.

Социалдык тармактарда комендатуранын мындай демилгесин диний кызыкчылыктарга байлап, «Ош экинчи Ооганстан болуп кетти» деп жазгандар да болду. Бирок комендатура бул чечимдин эч кандай диний ишенимдерге байланышы жок экенин билдирүүдө.

Серепчи Төлөгөн Келдибаев комендант кызмат абалынан пайдаланып аша чаап чечим чыгарды деген пикирде. Ал көчөдөгү ээнбаштыкты чектей турган мыйзамдар жетиштүү деп эсептейт.

Төлөгөн Келдибаев.
Төлөгөн Келдибаев.

«Кыргызстанда спирт ичимдиктерин сатууга мыйзам менен тыюу салынган эмес, - деди ал. - Атайын лицензияланган, көпчүлүгү ички өндүрүштө чыгарылган өндүрүм. Бизде эч кандай мыйзамдарга карама-каршы келбейт. Эгер ичип алып колго түшкөн болсо, мыйзам бузуу катталса жаран мыйзам чегинде жазасын тартышы керек. Кандайдыр бир чечим кабыл алып жатканда юристтер менен кеңешип, жети өлчөп бир кесип, анан чечим кабыл алыш керек. Үч күн мурун тыюу салып, кайра чакыртып алуу - бул комендант үчүн, жалпы штаб үчүн уят нерсе».

Буга чейин өлкөнүн ар кайсы аймактарында дүкөндө турган ичимдиктерди сатып алып, айылдын четине алып барып талкалагандар болгон. Бул көрүнүш коомчулукта ар кандай кабыл алынган. Айрым адистер мындай тыюу салуу аракечтикти азайтпасын жана ишкерлерге бут тосорун айтып келатышат.

Кыргызстан 2018-жылы 42 миллион литр спирт ичимдиктерин өндүргөн. Мындан сырткары өлкөгө Казакстандан, Орусиядан жана Армениядан дагы ичимдиктер алынып келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG