Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:45

«Ата-Бейиттин» сырын ачкан Бүбүйра апа 94 жашта


Бүбүйра Кыдыралиева менен Болот Абдрахманов. Бишкек шаары. 29-сентябрь, 2020-жыл.
Бүбүйра Кыдыралиева менен Болот Абдрахманов. Бишкек шаары. 29-сентябрь, 2020-жыл.

Сталиндик репрессия заманында атылгандар көмүлгөн жерди айтып чыккан Бүбүйра Кыдыралиева 94 жашка толду. Аны туулган күнү менен «Бир дүйнө Кыргызстан» коомдук уюму, Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктарынын 10 томдук «Эскерүү китебинин» автору Болот Абдрахманов куттукташты.

Бишкектин чет жагында атып өлтүрүлгөн репрессия курмандыктарынын сөөгү жаткан жерди Бүбүйра Кыдыралиева 1990-жылы ачыкка чыгарган. Ага бул жашыруун маалыматты өз кезегинде НКВДнын дачасында кароолчу болуп иштеген атасы Абыкан Кыдыралиев 1973-жылы айтып берген. Бирок совет доору болгондуктан, Бүбүйра Кыдыралиева укканын ачык жарыялоого батынган эмес.

«Эл душманы» жарлыгы тагылып, 1938-жылы 5-7-8-ноябрь күндөрү атылгандардын арасында Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов баштаган интеллигенциянын 137 өкүлү болгон. Маркумдардын сөөгү 1991-жылы 30-августта жаңы негизделген «Ата Бейит» көрүстөнүнө арууланып кайра коюлган. Эртеси күнү Жогорку Кеңеш Кыргызстандын мамлекеттик көз каранды эместигин жарыялаган.

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Б.Кыдыралиевага «ардактуу профессор» наамын ыйгарган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG