Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:27

Вирусту жеңген, «Манасты» окуган карылар


Вирусту жеңген, «Манасты» окуган карылар
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00

90 жаштагы Токтокан Эдилбаева жана анын абышкасы Акмат Бейшенбаев коронавирусту жеңип чыкты. Алар өпкөсү кагынып, ооруканада эки жумадан ашык жатышкан. Бул ардагерлердин алгачкы жеңиши эмес. Бирге жашаган 71 жыл ичинде көп кыйынчылыктарга моюн сунушкан жок. Кыргызстанда жыл сайын 1-октябрда Карылардын эл аралык күнү белгиленет.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 1-октябрда Кыргызстандын калкынын сегиз процентин улгайган адамдар түзөрүн кабарлады.

Мекеменин Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата жарыялаган маалыматына караганда, өлкөдө эмгекке жарамдуу курактан улуу жаштагылардын жалпы саны 513 миң адам. Бул сан үч жыл мурдагыга салыштырганда 66 миңге көп.

Карылардын жашоосуна коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында бул күндү жыл сайын белгилеп туруу жөнүндөгү чечим 1990-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында кабыл алынган.
XS
SM
MD
LG