Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:26

Орусия менен Франция Тоолуу Карабактагы атышууну токтотууга чакырышты


Тоолуу Карабактагы согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймактын картасы.
Тоолуу Карабактагы согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймактын картасы.

Орусиянын жана Франциянын президенттери Азербайжан менен Арменияны Тоолуу Карабак үчүн башталган жаңжалды токтотууга чакырышты. Бул тууралуу 30-сентябрда Владимир Путин менен Эммануэл Макрон телефон аркылуу сүйлөшкөн соң кабарланды.

Кремль тараткан билдирүүдө Путин менен Макрондун телефон сүйлөшүүсүндө «Тоолуу Карабак чатагы курчуп кеткени терең талкууланды. Ири согуштук аракеттер уланып жатканынан улам олуттуу камтамачылык айтылды. Владимир Путин менен Эммануэл Макрон тирешкен тараптарды чукул арада атышууну толук токтотууга, чыңалууну азайтууга жана болушунча сабырдуу болууга чакырышты» деп айтылат.

Азербайжан менен Армениянын ортосунда талашка түшүп келген Тоолуу Карабак аймагындагы абал 27-сентябрдан бери курчуп, атышуу уланууда. Кагылышуудан улам 100дөн ашык адам, анын ичинде жайкын тургундар ажал тапты. Тараптар бири-бирине урган соккулар, жоготуулары тууралуу апыртылган маалыматтарды берип, маалыматтык согуш да күч алды.

Буга чейин БУУ баштаган эл аралык уюмдар жана бир нече өлкө кырдаалды тынчтык жол менен жөнгө салыш үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырган.

Азербайжан менен Армения атышууну токтотуудан баш тартып жатат. Ушундан улам куралдуу кагылыш дагы күчөйт деген кооптонуу көбөйдү. Бул соңку жылдардагы, тактап айтканда 1994-жылкы азери-армян согушунан берки олуттуу жаңжал болуп калды.

XS
SM
MD
LG