Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:52

Окуучулар долбоор жазып, мектептерге гигиеналык каражаттарды алып беришти


Сузак районундагы Шамшиев атындагы орто мектепке берилген кол жуучу каражаттар. 30-сентябрь, 2020-жыл.
Сузак районундагы Шамшиев атындагы орто мектепке берилген кол жуучу каражаттар. 30-сентябрь, 2020-жыл.

Ноокат районундагы Мирмахмудов айыл аймагындагы Беш-Тал орто мектебинин, Ала-Бука районундагы Ак-Коргон айыл аймагындагы Ч. Айтматов атындагы орто мектептин жана Сузак районундагы Бек-Абад айыл аймагынын Шамшиев атындагы орто мектептин жогорку класстарынын окуучулары башталгыч класстагы окуучулардын коопсуздугу үчүн мектепти гигиеналык каражаттар менен жабдууга долбоор жазышкан.

Аларды «Search for Common Ground» эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү «Жашстан» долбоорунун алкагында колдоп берди. Долбоордун өнөктөшү, «Жаш-Ниет» коомдук уюмунун төрайымы Нургүл Караеванын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, гранттын эсебинен мектептеги балдар үчүн кол жуугуч, ысык суу менен камсыз кылуучу, кол кургатуучу жабдыктар, самын, антисептик жана башка санитардык гигиеналык каражаттар алынды.

««Жашстан» долбоорунун алкагында ар бир локацияга – бир мектептин он беш окуучусунан турган командага 500 долларга чейин грант берилди. Алар өздөрүнүн социалдык педагогдорунун жана устаттарынын жардамы менен ошол грантка ылайыктап долбоор жазышты. Ноокаттагы, Ала-Букадагы жана Сузактагы командалар пандемия шартында мектепке гигиеналык каражат сатып алууну сунуш кылышкан. 29-30-сентябрда долбоорго ылайык алынган гигиеналык каражаттар мектептерге өткөрүлүп берилди. Айрымдарына орнотулуп, ишке кирди», - деди ал.

Нургүл Караеванын айтуусунда, балдар грантка долбоорлорду өздөрү «Жашстанда» өздөштүргөн фактчекинг, сторителлинг сабактарынын натыйжасында алган тажрыйбаларынын негизинде жазышты. Мындан тышкары мугалимдерге COVID-19 вирусу тууралуу кеңири маалымат берген семинар уюштурулду.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын чечими менен 6-октябрдан тартып 2-6-класстардын окуучулары мектептен окутулмак болду. Чечимдин негизинде балдарды мектептен окутуунун атайын санитардык алгоритми иштелип чыкты. Ага ылайык, мектептер санитардык-гигиеналык каражаттар менен толук жабдылууга, балдар келгенге чейин дезинфекцияланууга тийиш. Мугалимдер да балдар менен катар эле күн сайын дене табы текшерилип, үй-бүлө мүчөлөрүнүн саламаттыгы тууралуу анкета толтурушат.

Балдар класста аралыкты сактап отургузулат. Мектепте беткап кийүү милдеттүү болот. Мектепте түрдүү иш-чараларды өткөрүүгө, ата-энелердин жана башка жарандардын кирүүсүнө тыюу салынат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG