Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:36

Биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоодо добуш бере албайт


Кыргызстанда 18 жаштан өткөн 4 081 410 жарандын 557 856сы 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо добуш бере албайт. Алар биометрикалык каттоодон өтпөгөндүктан шайлоочулардын тизмесине киргизилген жок. Бул тууралуу 2-октябрдагы басма сөз жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554.

4-октябрдагы парламенттик шайлоого 16 партия ат салышууда. Үгүт иштери бүгүн, 2-октябрда түн жарымда токтотулат. Добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалды, анын 35и чет мамлекеттерде.

Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар. (SE)

XS
SM
MD
LG