Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:11

Чүй милициясы айдоочуларга кайрылды

Төө-Ашуу, 3-октябрь, 2020-жыл.
Төө-Ашуу, 3-октябрь, 2020-жыл.

Чүй облустук милициясы 3-октябрда айдоочуларга кайрылып, Төө-Ашууга, Суусамыр өрөөнүнө кар түшкөнүн кабарлады жана кышкы дөңгөлөгү жок автоунаалар менен жолго чыкпоону эскертти.

Облустук милициянын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы машинелер ортосунда аралыкты сактап, ылдамдыкты ашырбоого чакырды.

Төө-Ашуу жана Суусамыр өрөөнү Кыргызстандын түндүк жана түштүк аймактарын байланыштырган Бишкек-Ош жолунун бир бөлүгү болуп саналат.

Төө-Ашуу Кыргыз Ала-Тоосунун борбордук бөлүгүндөгү ашуу. Деңиз деңгээлинен 3586 метр бийик.(SE)

XS
SM
MD
LG