Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

Бюллетенди телефонго тартып алган учурлар катталууда


Парламенттик шайлоо.
Парламенттик шайлоо.

Бишкек шаарындагы Бишкек гуманитардык университетинин имаратында жайгашкан №1046 участогунда «Республика» жана «Ата Мекен» партиясынын байкоочулары бюллетенди сүрөткө тартып жаткан шайлоочуну байкашып, участокто бул боюнча акт түзүлдү.

Шайлоочу «Мекеним Кыргызстан» партиясына добуш берип, бюллетенин сүрөткө тартып жаткан жеринен кармалган. Териштирүү жүргөндөн кийин шайлоочунун бюллетени жараксыз деп табылганын «Ата Мекен» партиясынын штабы «Азаттыкка» кабарлады.

БШКнын чечими менен шайлоо бюллетенин сүрөткө же видеого тартууга болбойт. Буга чейин БГУнун имаратында жайгашкан шайлоо тилкесине №2 форма менен барып добуш берүүнү каалагандардын калың кезегине «Азаттык» радиосунун кабарчысы да күбө болуп келген эле.

4-октябрь парламенттик шайлоо күнүндө Кыргызстанда 2430 добушкана ачылган. Мындан тышкары 28 чет өлкөдө 45 участок, Москва менен Он шаарларында кошумча добушканалар иштеп жатат. Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына 16 партия ат салышууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG