Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:15

БШК: Добуш берүүгө криминал менен спортчулардын таасири боюнча арыздар иликтенет


Бишкектеги парламенттик шайлоо. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги парламенттик шайлоо. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда парламенттик шайлоодо добуш берүүдө кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн, спортчулардан турган топтордун басымы иликтенип, чара көрүлөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров Бишкектеги басма сөз жыйынында билдирди. Ал «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып, криминалдын таасири боюнча фактылар болсо БШКга берүүгө чакырды.

«Биздин жарандарга криминалдын басым көрсөтүп, укугун бузушуна мамлекет жол бербейт. Бул боюнча арыздар иликтенет», - деди Шайназаров.

Буга чейин «Ата Мекен» партиясынан талапкер болгон Жанарбек Акаев добуш берүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуу көп болуп жатканын, анын ичинде спортчуларды айылдарга жөнөтүп, шайлоочуларга басым кылган учурлар катталып жатканын билдирген болчу. Социалдык медиада дагы жарандар жер-жерлерден белгисиз топтордун шайлоочуларга басым жасап жатканын көрсөткөн видео-сүрөттөрдү жүктөп жатышат.

Кыргызстанда бүгүн парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 16 партия ат салышууда. Жергиликтүү убакыт боюнча саат күндүзгү экиде шайлоочулардын 28% же 990 миңден ашуун жаран добуш берди. Эң жогорку активдүүлүк Ош шаарында (35%) жана эң төмөнкү көрсөткүч Ысык-Көл облусунда (25%) катталды.

XS
SM
MD
LG