Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:20

Таласта «Азаттыктын» кабарчысына кол салуу болду (видео)


Парламенттик шайлоо.
Парламенттик шайлоо.

«Азаттык» радиосунун «Youtube» жана «Фейсбуктагы» шайлоону чагылдырган түз эфири учурунда Таластагы шайлоону чагылдырып жүргөн кабарчы Айгерим Акылбековага шайлоо тилкесине кирип, добуш берүүнү күтүп жаткан шайлоочу кол салды. Ал камераны чаап, видео тартпоону талап кылды. Окуя Талас шаарындагы №6108 участогунда болду.

Бул тилкеде жалпы 2374 шайлоочу катталган. Алардын 1041и - №2 форма менен добуш берчүлөр. Бир нече ирет шайлоо үкөгү бузулуп, протоколдор түзүлдү. Аталган шайлоо тилкесиндеги узун кезек эртең мененки саат сегизден баштап уланды.

Кыргызстанда №2 форма менен добуш бериш үчүн 500 миңдей киши арыз жазган. Алардын ичинен 42 386 жаран бир канча жолу арыз бергенин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирген эле.

32 504 адам эки жолу, 5810у үч, 1967си төрт, 872си беш, үч адам 22 жолу №2 формасы менен добуш берүүгө арыз таштаган. Парламенттик шайлоо күнүндө Кыргызстанда 2430 добушкана ачылган.

Мындан тышкары 28 чет өлкөдө 45 участок, Москва менен Ош шаарларында кошумча добушканалар иштеп жатат. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына 16 партия ат салышууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG