Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Баткенде коронавирус менен ооругандар шайлоого катыша алган жок


Коронавирус оорусуна чалдыккандар улам көбөйүүдө.
Коронавирус оорусуна чалдыккандар улам көбөйүүдө.

Баткен облустук администрациясынын «Азаттыкка» берген маалыматы боюнча коронавирус менен ооруп, ооруканада дарыланып жаткан 195 адам добуш бере алган жок. 275 адам үй карантининде болгондуктан, алар добушканага кечке маал өзүнчө коё берилери белгилүү болду.

Облустун Сүлүктү шаарында 4-октябрь күнү эртең менен шайлоо үкөктөрү эки сааттай иштебей туруп, кайра калыбына келди.

Баткен облусунда саат 14:00гө карата 75731 шайлоочу добуш берди. Баткен районунда - 11347, Баткен шаарында - 3441, Кадамжай районунда - 28214, Кызыл-Кыя шаарында - 7989, Лейлек районунда - 21070, Сүлүктү шаарында - 3670 адам шайлоого катышты. Саат 14:00гө шайлоочулардын 26,6% шайлоого келди. Баткен облусунда жалпысынан 284265 шайлоочу бар. (JsA)

XS
SM
MD
LG