Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:23

Кыргызстанда коронавирус жуккандар 46 522 кишиге жетти


Бишкектеги ооруканалардын бири. Июль, 2020-жыл.
Бишкектеги ооруканалардын бири. Июль, 2020-жыл.

Кыргызстанда 29-сентябрга карата COVID-19 илдети дагы 167 кишиден лабораториялык жол менен жаңы аныкталды.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, илдет жуккандардын саны боюнча Баткен облусу биринчи орунда.

Баткенде 55 кишиден, Ош облусунда 38, Жалал-Абад облусунда 31, Чүй облусунда 15, Ысык-Көл облусунда 11, Бишкек шаарында тогуз, Ош шаарында беш, Нарын дубанында эки, Таласта бир кишиден вирус табылды.

Бир күн аралыгында өлүм-житим катталган жок. Буга чейинки статистикада пандемия башталган март айынан бери вирустун курмандыктары 1064 адамды түздү.

Расмий эсеп боюнча учурда 761 бейтап ооруканаларда, 1484 киши үй шартында дарыланууда.

Марттан бери илдет жугузуп алгандар 46522 кишиге жетти. Анын 42 761и айыгып чыкканы айтылды.

Статистика акыркы күндөрү вируска чалдыккандар улам көбөйүп жатканын көрсөтүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG