Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Орусияда бир суткада 8135 адамдан коронавирус илдети аныкталды


COVID-19 вирусунан өлгөн кишини жерге берүү. Санкт-Петербург шаары. 27-июнь, 2020-жыл.
COVID-19 вирусунан өлгөн кишини жерге берүү. Санкт-Петербург шаары. 27-июнь, 2020-жыл.

Орусияда бир суткада 8135 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул июнь айынан берки убактагы эң жогорку көрсөткүч. Буга чейин орус президенти Владимир Путин жарандарды санитардык талаптарды бекем сактоого чакырган. Москванын мэри Сергей Собянин жарандарды үйдөн иштөөнү улантууга үндөдү. Шаардагы коомдук жайларда, транспортто беткап жана колкап кийүү боюнча талап күчөтүлдү.

Орусияда мектептер ишке киргенден бери коронавирус илдети 75% көбөйгөнү, илдет тездик менен жайылып жатканы кабарланды.

Бүгүнкү күнгө чейин Орусияда 1,1 миллиондон ашуун адам коронавирус илдетине чалдыккан. Өлкө оорунун жайылышы жагынан АКШдан, Индиядан жана Бразилиядан кийинки төртүнчү орунда турат.

XS
SM
MD
LG