Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:56

Сургутта абактан качып кеткен тажик жараны кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Сургут шаарында жергиликтүү түзөтүү абагынан качып кеткен 23 жаштагы тажикстандык кармалды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун тажик кызматы билдирди. Маалыматка караганда, аты-жөнү айтылбаган тажик жараны абактын карантиндик бөлүмүнүн чатырындагы темир тосмону ийип ачып, качып кеткен.

Түзөтүү мекемеси билдиргендей, Тажикстандын жараны эки жума мурда талап-тоноочулук айыбы менен бир жылга соттолгон. Ал 27-сентябрда жергиликтүү «Аскания» базарында колго түшкөн.

Тажикстандыкка абактан качуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул берене боюнча эми ал дагы төрт жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Өткөн жумада Дагестандын Шамхал айылында жайгашкан түзөтүү абагынан 10 жылдан 14 жылга чейин соттолгон алты киши качып кеткен. Төртөө баңгизат, экөө киши өлтүрүү айыбы менен соттолгон качкындардын арасында баңгизат үчүн кармалган тажикстандык Шамил Бойматов жана Махмадрасул Машрабов да болгон. Алар түрмөдөн качуу үчүн бир жыл бою өтмөк казып, ошол аркылуу качып чыгышкан.

Орусиянын түзөтүү абактарында Тажикстандын жети миңден ашык жараны бар.

XS
SM
MD
LG