Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:15

БУУнун Коопсуздук кеңеши Тоолуу Карабактагы кырдаалды талкуулаш үчүн чогулат


Тоолуу Карабактагы армян артиллериясы. 27-сентябрь, 2020-жыл.
Тоолуу Карабактагы армян артиллериясы. 27-сентябрь, 2020-жыл.

Тоолуу Карабактагы кырдаал 29-сентябрда Коопсуздук кеңешинде талкууга алынат. Жыйын жабык өтөрүн «Интерфакс» агенттигине уюмдун штаб-квартирасы маалымдаган. Ага ылайык, Карабак маселесин талкуулоо тууралуу беш өлкөдөн - Франциядан, Германиядан, Британиядан, Эстониядан жана Белгиядан сунуш түшкөн.

Дүйшөмбү күнү БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Азербайжандын президенти Илхом Алиев менен телефондон сүйлөштү. Кечирээк Армениянын өкмөт башчысы Николь Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Тоолуу Карабактагы кырдаалга кабатырлыгын билдирди. Ал тараптарды тез арада атышууну токтотуп, аймакка ЕККУнун байкоочуларын жиберүүгө чакырды.

Азербайжан менен Армения чектешкен аймакта 27-сентябрдан тартып кырдаал курчуп жатат. Эки мамлекет чатак үчүн бири-бирин күнөөлөгөн. Ереван Бакуну «Тоолуу Карабакка кол салды» деп айыптаган жана өз өлкөсүндө аскердик абал жарыялап, жалпы мобилизациялоо баштаган. Азербайжан болсо «Армения биринчи чабуул койду» деп, «Тоолуу Карабактагы жети азери айылын бошотконун» билдирген. Азербайжан да аскердик абал жарыялады. Баку баштаган бир катар шаарларга дүйшөмбүдөн тартып коменданттык саат киргизилди.

Эки тараптан тең жоготуулар бар экени кабарланды.

XS
SM
MD
LG