Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

СOVID-19: Дүйнөдө илдеттен көз жумгандар бир миллиондон ашты


Коронавирус тестирлөөчү жаңы аппарат.
Коронавирус тестирлөөчү жаңы аппарат.

АКШдагы Хопкинс университетинин маалыматына караганда, 28-cентябрь күнү оорудан көз жумган жалпы адамзаттын саны 1 000 555 кишиге жетти. Каза болгондордун басымдуу бөлүгү – АКШда, 205 024 адам коронавирустан улам жашоо менен кош айтышты. Жалпы илдетке чалдыккан адамдардын саны - 33 273 720. Оорудан 23 056 480 киши айыгып чыкты. Америкада COVID-19 илдетине 7 147 341 адам чалдыкты. Бразилияда 4 745 464 адам ооруп, анын ичинен 141 741 киши көз жумду. Индияда 6 074 702 адам коронавирус жугузуп, 95 542 адам каза болду. Орусияда 1 159 573 адам коронавируска кабылып, 20 385 адам көз жумду.

Кыргызстанда 28-сентябрга карата 104 адамдан коронавирус жаңыдан табылды. Илдет алгачкы аныкталган 18-марттан бери коронавируска чалдыккандар 46 355 адамга жетти. COVID-19 жугузган 42 619 киши айыкты.

Вирус башталганы өлкөдө расмий эсеп боюнча 1064 адам каза болду. Алардын 83ү - медициналык кызматкерлер. (ZKo)

XS
SM
MD
LG