Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Ысык-Көлдө шайлоочулардын 40,7% добуш берди


Парламенттик шайлоо.
Парламенттик шайлоо.

Бул аймакта жалпы шайлоочулардын саны 290 749 адамды түзөт, аймакта 246 шайлоо тилкеси иштеп жатат. №2 форма менен шайлоого катышууга арыз жазган шайлоочулардын саны 13 951 шайлоочуну түзөт.

Кечки саат 18:00 карата Ысык-Көл облусу боюнча жалпы 118410 адам добуш берди. Анын ичинен Ак-Суу району боюнча 16135, Жети-Өгүз району боюнча 20678, Ысык-Көл району боюнча 20748, Тоң району боюнча 14006, Түп району боюнча 15140, Балыкчы шаары боюнча 15471, Каракол шаары боюнча 16232 киши шайлоого катышты.

Кыргызстанда №2 форма менен добуш берүү үчүн 500 миңге чукул адам арыз жазган.

Алардын ичинен 42 386 жаран бир канча жолу арыз бергенин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирген эле. 32 504 адам эки жолу, 5810у үч, 1967си төрт, 872си беш, үч адам 22 жолу №2 формасы менен добуш берүүгө арыз таштаган. Парламенттик шайлоо күнүндө Кыргызстанда 2430 добушкана ачылган.

Мындан тышкары 28 чет өлкөдө 45 участок, Москва менен Ош шаарларында кошумча добушканалар иштеп жатат. Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына 16 партия ат салышууда. (KS)

XS
SM
MD
LG