Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-декабрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 14:36

«Ата Мекен»: шайлоо тарыхта болуп көрбөгөндөй ыпылас өттү (видео)


«Ата Мекен» партиясынын үгүт учурундагы баннери.

«Ата Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон Рыскелди Момбеков, Жанарбек Акаев жана Тилек Токтогазиев парламенттик шайлоонун баштапкы эсеби жарыялангандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Рыскелди Момбеков бул шайлоо тарыхындагы эң ыпылас шайлоо болду деген оюн билдирди.

«Муну шайлоо деп айтканга ооз барбайт. Шайлоо эмес, жайлоо болду. Шайлоо боло электе эле билинип калган. Оппозициялык партияларга, элге мүмкүнчүлүк берилген жок. Социалдык тармактарда, «Азаттыкта» эмне деген гана мыйзам бузуу көрсөтүлбөдү? Бирок бирөөнө да чара көрүлгөн жок», - деген Момбеков БШКга мыйзам бузуу жөнүндө фактылар далили менен бериле турганын жана партия шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кыларын кошумчалады.

Жанарбек Акаев «Шайлоонун жыйынтыгы күмөндүү», «үч партия добуштарды жапырт сатып алды» - деп эсептеп, "мыйзамдуу түрдө радикалдуу күрөш" уланарын белгиледи.

Саясатчы ошондой эле оппозициялык чоң блок түзүлө турганын билдирди.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча саат 21:30га карата «Биримдик» партиясы 24,96%, «Мекеним Кыргызстан» партиясы 24,31% менен алдыда келе жатат.

Үчүнчү болуп «Кыргызстан» партиясына добуш бергендер 8,9% түздү. «Бүтүн Кыргызстан» 7,2% алды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, алдын ала эсептөөлөр шайлоо тилкелеринин 82% алынды.

Пикирлерди көрүңүз (23)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG