Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

“Ыйман Нуру”: Макул эмес экенибизди кескин көрсөтүшүбүз керек


Нуржигит Кадырбеков
Нуржигит Кадырбеков

4-октябрда шайлоонун алгачкы жыйынтыгы жарыялангандан кийин “Ыйман Нуру” партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков өз тарапташтары менен жолукканда "Кайсы бети менен жеңип чыктык деп айтат ошолор? Кайсы өлкөдө эң арты булганган адам партия менен келип өтүп кетет?” деп суроо коет. ​

“Тарых бизге үйрөтүп атат, дагы деле акылыбызга келбей жатабыз. Бир ийиндеги жыланга үч-төрт жолу чактырып атабыз. Биз эми чечим кабыл алабыз. Бирок биз муну менен макул эмес экенибизди кескин көрсөтүшүбүз керек!” дейт Кадырбеков.

Шайлоонун алдын ала эсеби боюнча парламентке кирүүгө мүмкүнчүлүк ачкан 7% босогону төрт партия “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” жана “Бүтүн Кыргызстан” өтүштү.

“Ыйман Нуру” партиясы 66,5 миң добуш алып акыркы жаңыланган алдын ала эсепте 16 партиянын ичинен 8-орунду ээлеп турат.

Оппозиция шайлоону тааныбайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:03 0:00

XS
SM
MD
LG