Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:38

Шайлоо-2020: Ала-Тоо аянтында сегиз партиянын бириккен митинги өтүүдө (видео)


Ала-Тоо аянты.
Ала-Тоо аянты.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жатат. Алгач «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары баштаган акцияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери барып кошулду.

Чогулгандар алдында сүйлөп жатып «Бир Бол» партиясынын өкүлү Алмамбет Шыкмаматов өлкө келечеги үчүн күрөштү улантууга чакырды:

«Шайлоо эмес, бандиттер менен уурулардын парламентти жана өкмөттү сатып алуусу болду. Ар бир аймакта шайлоо кандай ыплас өткөнүн көрдүңөр. Эгер бүгүн ушуга жол берип койсок, дагы беш-он жыл ушулардын эксплуатациясынан кутулбайбыз».

Митингде шайлоо ыплас өткөнү, анын жыйынтыгын жокко чыгаруу жана жаңы шайлоо өткөрүү керектиги айтылып жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) баштапкы маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өттү. Шайлоого жалпысынан 16 партия катышкан.

БШК жараянды таза өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөнүн билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG