Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:59

Сурабалдиева: Мөөнөтсүз митингди баштадык (видео)


«Ата Мекен» партиясы.
«Ата Мекен» партиясы.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына макул эмес саясий партиялар катышып жаткан Ала-Тоо аянтындагы митинг уланууда. Анда сүйлөгөн «Ата Мекен» партиясынын талапкери Элвира Сурабалдиева митинг мөөнөтсүз экендигин белгиледи.

«Биздин артыбызда милиция кайтарып турат. Алар суу толтурулган миномёттор менен аткылап, иттер менен кубалоо тууралуу буйрук алууда. Элдин укугу тебеленип жатса, мыйзамсыз шайлоону «жеңдик» деп ресторандарда тойлоп жатат. Ушул туурабы?», - деди саясатчы.

Митингчилер шайлоо калыс эмес жана ыплас өткөнүн белгилеп, элди жер-жерлерде мыйзам чегинде каршылык билдирүүгө чакырып жатышат. «Шайлоо жокко чыксын!», «Бандиттин жана коррупционердин орду түрмөдө!», «Күрөш башталды!» «Туугандашкан система Бакиевдин бийлигинен ашып кетти!», «Шайлоонун алдында биригишибиз керек эле, азыр да кеч эмес» деген ураандар айтылууда.

Митингге «Ата Мекен», «Республика», «Замандаш», «Бир Бол», «Реформа», «Ордо», «Чоң Казат», «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы» партияларынын лидерлери, тарапкерлери катышууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) баштапкы маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өтүштү.

Шайлоого жалпысынан 16 партия катышкан. БШК жараянды таза өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөнүн билдирген. (BCh)

XS
SM
MD
LG