Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

Бекматов: Кайра шайлоо өткөрүүгө негиз жок


Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандар. Бишкек шаары. 2020-жылдын 5-октябры.
Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандар. Бишкек шаары. 2020-жылдын 5-октябры.

Кайра шайлоо өткөрүш үчүн белгилүү бир себептер болушу керек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Абдыжапар Бекматов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этүүчү фактылар болсо гана кайра шайлоо болушу керек.

«Добуш берүүнүн жыйынтыгы бузула турган болсо, добуштарды сатып алуу боюнча далилдер болушу керек. Элди автоунаа менен ташуу мыйзамсыз деп саналбайт. Кечээ бизге шайлоочуларды ташуу боюнча маалыматтар түштү. Аларды текшергенде аксакалдарды, алыскы айылдардагыларды ташып келишкен болуп чыкты. Ташып келген күндө да шайлоочулар бюллетенди алып, кабинада жалгыз өзү болот. Ага эч ким таасир эте албайт. Бул фактылардын баары шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоо өткөрүүгө негиз жок», - деди ал.

Бекматов 5-октябрда Бишкекте өтүп жаткан шайлоо жыйынтыгына нааразы болуп митингге чыгуу ар бир кыргызстандыктын укугу экенин билдирип, бул митингдеги талаптар да шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууга негиз болуп бере албай турганын кошумчалады.

Ушу тапта Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жатат. Алгач «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары баштаган акцияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери барып кошулду. Кийинчерээк аянтка «Мекенчил» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев да барды.

БШКнын 5-октябрда берген баштапкы маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өттү. Шайлоого жалпысынан 16 партия катышкан. БШК жараянды таза өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөнүн билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG