Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:22

Ала-Тоо аянтына чогулгандардын катары көбөйүүдө (видео)


Ала-Тоо аянты. 2020-жылдын 5-октябры. Сүрөт Интернеттен алынды.
Ала-Тоо аянты. 2020-жылдын 5-октябры. Сүрөт Интернеттен алынды.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында ушу тапта миңдеген адамдар топтолуп турат. Шаар бийлиги жана милиция митингге чыккандардын саны тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясынын уюштуруучуларынын бири, «Чоң Казат» партиясынын өкүлү Сыймык Жапыкеев 15 миңдей адам топтолуп турганын билдирди.

Сегиз партия уюштурган митингде сүйлөгөндөр шайлоодо добуш сатып алуу көп болгонун, бийлик буга чара көрбөгөнүн, парламентке «уурулар жана аткезчилер» өткөнүн айтып жатышат.

Шайлоону уюштуруу үчүн жооптуу болгон вице-премьер-министр Акрам Мадумаров шайлоодо мыйзам бузулган учурлар болгонун, бирок алар жалпы жыйынтыкка таасир эте албай турганын «Азаттыкка» билдирген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилиги шайлоону калыс өткөрүш үчүн бардык тийиштүү шарттарды түзүп бергенин айтууда.

Ушу тапта Эски аянтта атайын куралданган күч түзүмдөрү автоунаалары жана атайын каражаттары менен турушат. (RK)

XS
SM
MD
LG