Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиевдин айтымында, Бишкектеги Ала-Тоо аянтына шайлоого карата нааразылык билдирип канча киши чыкканы белгисиз.
«Азаттыктын» кабарчысы аянтта турган Орозалиевден милициянын эсебинде канча киши келгени тууралуу комментарий сурап, так жооп ала алган жок.
«Мен санай албайм. Өзүңөр көрүп атпайсыңарбы. Канча экенин айта албайм».
Алмаз Орозалиев эл тынчтык акцияга чыкканын, коомдук тартипти эч ким бузбаганын, милиция тартипти сакташ үчүн аянтка тартылганын билдирди. Ал милициянын атайын техникасы аянтка эмне себептен алынып келгени тууралуу суроого: «Мен билбейм, айта албайм. Анткени ал жакка бара элекмин», - деп жооп берди.
Бишкектин Ала-Тоо аянтында ушу тапта миңдеген адамдар топтолуп, нааразылык билдирип жатышат. Башкы аянтка жакын жайгашкан Эски аянтта атайын куралданган күч түзүмдөрү автоунаалары жана атайын каражаттары менен турушат.
Шаар бийлиги да митингге чыккандардын саны тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.
4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча нааразылык акциясынын уюштуруучуларынын бири, «Чоң Казат» партиясынын өкүлү Сыймык Жапыкеев 15 миңдей адам топтолуп турганын кабарлады.
Сегиз партия уюштурган митингде сүйлөгөндөр шайлоодо добуш сатып алуу көп болгонун, бийлик буга чара көрбөгөнүн, парламентке «уурулар жана аткезчилер» өткөнүн айтып жатышат.
Шайлоону уюштуруу үчүн жооптуу болгон вице-премьер-министр Акрам Мадумаров шайлоодо мыйзам бузулган учурлар болгонун, бирок алар жалпы жыйынтыкка таасир эте албай турганын «Азаттыкка» билдирген.
Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилиги шайлоону калыс өткөрүш үчүн бардык тийиштүү шарттарды түзүп бергенин айтууда. (BTo/NT)