Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Митингди күч түзүмдөрү көзөмөлгө алууда (видео)


Бишкектеги Ала-Тоо аянтына чогулган элди таркатыш үчүн милиция кызматкерлери чогулууда. Атайын автоунаалар Эски аянтта токтоп турат. «Азаттык» радиосунун кабарчысы жеринен алардын даярдыгына күбө болууда.

Буга чейин ички иштер министринин орун басары Акылбек Орозалиев "Азаттыктын" кабарчысына:

«Коомдук тартипти сактоону камсыз кылып жатабыз. Атайын техниканын аянтка жакындаган себебин билбейм», - деп айткан эле.

Күч түзүмдөрү Мамлекеттик тарых музейинин, Т.Абдумомунов атындагы академиялык драма театрынын жанында чогулуп жатышканы маалым болду.

Күч кызматкерлери аянтка тартылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:14 0:00


Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жатат. Алгач «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары баштаган акцияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери барып кошулган.

Бишкектин Эски аянтында, Өкмөт Үйүнүн алдында атайын кийимчен күч кызматкерлери жана атайын техника тизилип турат.

«Азаттыктын» кабарчылары жеринен маалымдагандай, айрымдарынын колунан желим ок атуучу куралды көрүүгө болот. (BCh)

XS
SM
MD
LG