Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:53

Аянттагы митингге маданий ишмерлер катышууда


Бишкектеги каршылык митинги.
Бишкектеги каршылык митинги.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жатат. Алгач «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары баштаган акцияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери барып кошулду. Бул нааразылык митингине төкмө акын Азамат Болгонбаев, манасчы Дөөлөт Сыдыков, эстрада ырчылары Мирбек Атабеков, Тата Улан, алып баруучу Назира Айтбекова баш болгон бир катар маданият өкүлдөрү да катышып, сөз сүйлөштү. Аянттагы абалды көзөмөлдөө үчүн милиция кызматкерлери тартылууда. Ыктыярчылар митинг катышуучуларына тамак-аш таратып жатат.

Таластан, Нарындан митингге катышуу үчүн ондогон адамдар жолго чыкканы маалым болду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) баштапкы маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өттү. Шайлоого жалпысынан 16 партия катышкан. БШК жараянды таза өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөнүн билдирген. (BCh)

XS
SM
MD
LG