Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Пандемияда жакындарынан айрылгандар Ала-Тоо аянтындагы митингчилерге тамак-аш алып барууда


Бишкектеги коронавирус учурунда иштеп жаткан медицина кызматкери. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги коронавирус учурунда иштеп жаткан медицина кызматкери. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируста каза болгондордун жакындарынын башын бириктирген «Чындык үчүн» аттуу бирикменин мүчөлөрү «Ала-Тоо» аянтындагы митингдин катышуучуларына тамак-аш алып барышты. Бул тууралуу аталган бирикменин уюштуруучуларынын бири Ырыс Зулпукарова «Азаттыкка» маалымдады.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жатат. Алгач «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары баштаган акцияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери барып кошулду.

Бишкектин Эски аянтында, Өкмөт Үйүнүн алдында атайын кийимчен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жана атайын техника тизилип турат. «Азаттыктын» кабарчылары жеринен маалымдагандай, айрымдарынын колунан желим ок атуучу куралды көрүүгө болот.

Коронавирус оорусу Кыргызстанда алгач март айында аныкталып, 1066 адам каза болгон. Маркумдардын жакындары өкмөткө, Саламаттык сактоо министрлигине каршы Башкы прокуратура, президентке чейин кайрылып арызданып келатышат. (BCh)

XS
SM
MD
LG