Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:37

«Мекеним Кыргызстан»: Эл өз жолун тандады


Мирлан Бакиров.
Мирлан Бакиров.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров 4-октябрда өткөн Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоонун жыйынтыктары тууралуу ушундай пикирин билдирди.

«Кыргызстанда шайлоо тилкелеринде ачык добуш берүүнү камсыз кылган биометрикалык система иштейт. Ар бир партия дараметине жараша аракет кылып, добуштарды алды. Бардык партия сөзсүз түрдө жеңишке жетет деген эреже жок да. Шайлоону тандоо дейт, бул жерде эл шайлады. Элдин тандоосун сыйлаш керек», - деди ал.

Мирлан Бакиров ошол эле учурда шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары толук чыга элек экенин билдирип, мыйзам бузулган болсо БШКга кайрылуу зарыл болорун белгиледи.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча жети пайыздык чектен өтүп, пайыздык көрсөткүчтө экинчи орунда келе жатат.

Ал арада шайлоого катышып, жети пайыздык чекке жете албай калган 11 партия шайлоо жыйынтыктарын тааныбай тургандыгын билдирди. Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жатат.

Ага «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат», «Реформа», «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика», «Замандаш», «Мекенчил» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери катышууда. Митингде шайлоо ыплас өткөнү, анын жыйынтыгын жокко чыгаруу жана жаңы шайлоо өткөрүү керек экендиги айтылып жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) баштапкы маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өттү. Шайлоого жалпысынан 16 партия катышкан.

БШК жараянды таза өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөнүн билдирген. (BCh)

XS
SM
MD
LG