Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:19

Арапбаев: Оппозиция кийинки беш жылга жакшы даярдансын


Азамат Арапбаев.
Азамат Арапбаев.

«Биримдик» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Азамат Арапбаев 4-октябрдагы парламенттин VII чакырылышын шайлоо калыс, акыйкат өткөнүн билдирди. Ал ошондой эле шайлоодо жеңип чыккан партиянын өкүлү катары өлкөнүн экономикалык өнүгүшүн камсыз кылышарын да кошумчалады.

«Элдин үнү ушул шайлоо менен угулду. Айрым жерлерде кандайдыр бир деңгээлде мыйзам бузуу да болду. Аларды Борбордук шайлоо комиссиясы карайт. Каршы чыгып жаткан партиялар шайлоодо өзүн көрсөтө албады. Кыйкырып жаткандардан мыйзам бузуу боюнча факты сурап койсоңор болот. Ошол оппозициялык партиялар кийинки беш жылдыкка жакшылап даярдансын», - деди ал.

«Биримдик» партиясы 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо добуштардын саны боюнча биринчи орунда келе жатат.

Ушу тапта Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну, жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылган митинг өтүп жатат.

Алгач «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары баштаган акцияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери барып кошулду. Кийинчерээк аянтка «Мекенчил» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев келди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) баштапкы маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өттү.

Шайлоого жалпысынан 16 партия катышкан. БШК жараянды таза өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөнүн билдирген. (BCh)

XS
SM
MD
LG