Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:48

Саламаттык сактоо министрлиги: Күч түзүмдөрүнүн эки кызматкери жарадар болду


Бишкек. Ала-Тоо аянты. 2020-жылдын 5-октябры.
Бишкек. Ала-Тоо аянты. 2020-жылдын 5-октябры.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова "Азаттык" радиосуна "Ала-Тоо" аянтында митингге чыккандарды таркатуу маалында күч түзүмдөрүнүн эки кызматкери жарадар болгонун маалымдады. Анын айтымында экөөнүн тең мээси чайкалган. Аларды "Тез жардам" кызматы Улуттук госпиталга алып кетти.

Азыркы тапта аянтта бир "тез жардам" бригадасы иштеп жатат. Митингге келгендердин арасынан канчасы жарадар болгону белгисиз.

Буга чейин Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтындагы митингди таратууда “Ата Мекен” партиясынан талапкер, депутат Жанарбек Акаев жараат алганын анын жардамчысы Орозбек Муратов билдирген эле.

"Азаттык" радиосунун аянттагы кабарчылары митингдин эки катышуучусу жарадар болгонун түз эфирде көрсөтүштү. Аянтка чогулган элди күч түзүмдөрү көздөн жаш агызуучу газ, желим ок, катуу үндүү граната, суу чачып таркатууда.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жаткан. Катышуучулар Өкмөт үйүнүн тосмосунан секирип кирүүгө аракет кылышкан.

Парламенттик шайлоону тааныбаган партиялар жана алардын тарапкерлери бүгүн кайра шайлоо өткөрүү талабы менен митинг уюштурушкан. (BCh)

XS
SM
MD
LG