Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Текебаев: БШК шайлоонун жыйынтыгын бекитпеши керек


«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев.
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын президенти митингдин талаптарын аткарып, эл тарабына өтүшү керек экенин билдирди. Саясатчы бул тууралуу парлементтик шайлоодон кийин өлкөдө жаралган саясий кризис боюнча комментарий берип жатып «Азаттык» радиосуна билдирди. Анын айтымында, БШКнын мүчөлөрү 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын бекитпеши керек.

«Көптөгөн шайлоо тилкелеринде мыйзам бузуунун далилдери жайнап жүрөт, - деди ал. - БШК бул шайлоонун жыйынтыгын бекитпеши керек. Эгер БШКнын 12 мүчөсүнүн бешөө эле каршы болсо, шайлоо жыйынтыгы бекитилбей калат. Бул шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды дегенге тете. Анда президент эл тарапка өтүшү керек. Митингдин лидерлери менен сүйлөшүп, элдик ишенимдеги өкмөттү түзүш керек. Учурдагы Жогорку Кеңеш эл ишенген төраганы шайлаш керек. Ошондо гана жаңы өкмөт жаңы шайлоолорду өткөрсө болот»

5-октябрда Ала-Тоо аянтында шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого жана жаңы шайлоо өткөрүүгө чакырган митинг өттү. Анда шайлоого катышкан 12 партия БШКдан шайлоону жокко чыгарууну талап кылган билдирүү кабыл алышканы айтылды. Алар шайлоо ыплас өткөнүн белгилешти.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, ага 16 саясий партия катышкан. Баштапкы маалымат боюнча жети пайыздык босогодон «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары өттү.

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоодо бардык партияларга бирдей мүмкүнчүлүк берилгенин айтты. Өкмөт мыйзам бузуу фактылары катталганын, бирок алар жалпы жыйынтыкка таасир эте албай турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG