Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Байкоочу кеңеш: Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун тоноп кетишти


Бишкектеги ооруканалардын бири
Бишкектеги ооруканалардын бири

Бишкектеги Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун өздөрүн "Чоң казат" партиясынын өкүлдөрү деп атаган топ 6-октябрга караган түнү тоноп, кеңсенин ичин талкалап, кымбат баалуу компьютерди, медициналык кызматкерлердин айлыгын, дары-дармектердин каржылануусу тууралуу маалыматтар сакталган электрондук кампаны уурдап кетишкени маалым болду.

Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган фонддун байкоочу кеңешинин мүчөсү Чынара Бакирова билдирди.

"Биз эртең менен келсек эле "Чоң казаттын" өкүлдөрүбүз деген топ тосуп алып, ичинде ичимдик ичип майрамдап жатышыптыр. Кеңсеге киргизбей коюшту. "Реформа" партиясынын өкүлдөрү да келип сүйлөшүү жүргүзсө укпай койду. Айдын башы болгондуктан, өлкөдөгү медициналык кызматкерлердин айлык маянасы которулмак, дары-дармектер алынмак. Мунун баары азыр токтоп турат", - деди Бакирова.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин имаратына партиянын атынан баргандар министрдин орун басарлары Мадамин Каратаев, Нурболот Үсөнбаев менен сүйлөшүү жүргүзүшкөн.

"Чоң Казат" партиясынын мүчөсү Жаркынбек Касымбеков толугу менен төгүндөп, партияны каралоо аракеттери жасалып жатат деп билдирди.

4-октябрдагы парламенттик шайлоо болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуулар менен өттү деп эсептеген партиялардын тарапкерлери 5-октябрда шайлоо жыйынтыктарын жокко чыгарып, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылып мөөнөтсүз митингге чыгышкан. 6-октябрга оогон түнү митингичилер президент, парламент парламент жайгашкан башкы имаратты, УКМКнын кеңсесин басып алып, камактагы саясатчыларды бошоткон.

Президент 6-октябрда видео кайрылуу жолдоп, шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети болгонун айтты.(BCh)

XS
SM
MD
LG